www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл аймактарында шайлоо алдындагы үгүт иштери жүрүп жаткан учурда талапкерлердин эл менен болгон байланышы өзгөчө мааниге ээ. Биз ушул багытта активдүү жүргөн КР Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер Мураталы мырза Керимбаев менен маектешип, анын көз караштарын, эл менен жолугушуудагы кызыктарын жана пландарын угуп көрдүк.

— Мураталы мырза, кутман күн. Үгүт иштери кандай жүрүп жатат? Эл менен жолугушуулар кандай өтүүдө?

— Кутман күн. Үгүт иштери жакшы жүрүп жатат. Айылдарды кыдырып, эл менен түз сүйлөшүп, алардын көйгөйлөрүн өз оозунан угуп жатам. Элдин мамилеси жылуу, сүйлөшүүлөрү терең болуп жатат.

— Сиз башкалардан айырмаланып алыскы айылдарды аралап жүрөт экенсиз. Чарчаган жоксузбу?

— Чарчаган жокмун. Тескерисинче, эл менен болгон ар бир жолугушуу мага дем-күч берүүдө. Негизги 7 кадамдан турган программама кошумча дагы жаңы идеялар пайда болду. Эл өкүлү болуп калсам, бул багыттагы иш-аракеттерди толук ишке ашырууга ниеттенип жатам.

— Коомчулукта «мурдагы депутаттар элдин ишениминен чыккан» деген кескин сындар бар. Сиз эл өкүлү болуп калсаңыз, ушул катачылыктарды кайталап койбойсузбу...

— Албетте, элдин ишенимине канчалык бат кирсең, ошончолук бат чыгып каласың. Себеби, кыргыз эли кыраакы калк эмеспи. Мен көп жылдан бери жапон өнөктөштөрү менен иштешип, алардын жакшы жактарын үйрөнүп жоопкерчилик жана сөзгө туруктуулук маданиятын бекем карманып келем. Убадага тура билүү — мен үчүн башкы принцип.

— Келечекке көз карашыңызды дагы кененирээк айтып өтсөңүз. Эмне максатты өзүңүзгө жүктөп жатасыз?

— Кыргыз деген улуу улуттун урпагы катары менин милдетим — элибиздин тилин, маданиятын, руханий дөөлөтүн сактоо. Кыргыз тарыхы — терең, баалуулугу — кенен. Биз илим-билимге умтулган, меймандос, сабырдуу, биримдикке келе алган элбиз. Ошондуктан мамлекетке кызмат кылуу — бул жөн гана иш эмес, бул чоң жоопкерчилик.

— Айыл жергесин кыдырып жүргөндө сизди эң көп ойлондурган кайсы көйгөй болду?

— Эң чоң көйгөй — миграция. Бүгүн миллиондогон мекендештерибиз үй-бүлөсүн таштап, чет өлкөдө эмгектенип жүрүшөт. Бул — улуттук масштабдагы маселе. Миграция убадалар менен токтобойт. Аны токтотуунун жалгыз жолу — жумуш орундарын түзүү, жергиликтүү экономиканы көтөрүү, жаштарга келечек берген мыйзамдарды кабыл алуу. Менин негизги максатым — жаштарды мекенинде калтырып, алардын өнүгүүсү үчүн шарт түзүү.

— Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик каалайбыз.

— Рахмат. Элим үчүн кызмат кылууга дайым даярмын.

 

Мураталы Керимбаев – 15-округ, бюллетенде № 1

Татыктуу тандоо!

Колдоп добуш бериңиздер! 

 

Буйрутма КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына № 15 көп мандаттуу Аксы шайлоо округунан талапкер

Керимбаев Мураталы Топчубаевичтин шайлоо фондунан каржыланды.

Буйрутма: №: 01

Нуска: 06

Последние новости