www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 2–6-ноябрь күндөрү Боом капчыгайындагы Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, иштер күн сайын саат 09:00дөн 15:00гө чейин аткарылат.

Иштерге байланыштуу аталган тилкеде унаа кыймылы убактылуу жарым-жартылай чектелип, транспорт каражаттары бир тилке аркылуу өткөрүлөт.

Эгерде жолдо 30–40тан ашык унаа топтолсо, алардын өтүшүн камсыз кылуу максатында кооптуу таштарды түшүрүү иштери убактылуу токтотулат.

Айдоочуларга жолдогу убактылуу чектөөлөрдү эске алып, сапарын алдын ала пландаштыруу сунушталат.

Последние новости