www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурат Бейшенов: 

Эксперт, коргоо министринин мурдагы биринчи орун басары Мурат Бейшенов "Талибан" менен сүйлөшүүгө азырынча эрте экенин айтты.

--"Эртеби, кечпи эл аралык коомчулук талибдерди тааныса керек. Бирок Орусия бул кыймылды террордук уюмдардын тизмесине киргизгени белгилүү. Талибдер БУУнун "тыюу салынган уюмдар" деген тизмесинен да чыгышы керек.

Экинчиден, негизги оюнчулар азыр акмалап күтүп турушат. Биздин талибдер менен байланыш түзүү же сүйлөшүү өткөрүү аракетибиз эртерээк деп ойлойм. Эгер чоң мамлекеттер күтүп жатса, анда биз да шашылбашыбыз кажет. Мен талибдер ал мамлекетти оңдоп кетет деп ишенбейм. Анткени алар бул иш менен буга чейин алектенген эмес.

Ал жакта жарандык согуш уланышы мүмкүн. Тартип болбойт. Алар экономиканы калыбына келтириши керек. Биз үчүн алар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү эртелик кылат деп ойлойм", - деди Бейшенов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости