www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Саймаити ким, ага ишенүүгө болобу? Баскан жолу, жашоосу, өнөктөштөрү уурулук менен күн көргөн кишинин маалыматтарына ишенүүгө балким бир аз эрте. Эми кезек күч кызматкерлеринде. Агын ак, көгүн көк деп аныктап, Райым миллионбу, башкасыбы Саймаити айткан маалыматтарды изилдеп чын төгүнүн такташ керек. Анткени кылмышкер адамдан барын күтүүгө болот. Бир кезде түрмөдө жаткан Абдулло Юсупов да бүт элди чуу түшүргөн маалыматтарды айткан. Бирок анын көбү апыртма, жалган болуп чыккан. Өзүбүз бир муштум, бир тилек менен ынтымак болбосок, бизди ушуга окшогон кылмышкерлер эле бири бирибизге тукуруп, туруктуулугубуздун түбүнө жетип койот. Андан биз азап тартабыз, булар пайдасын көрөт. Ошондуктан бир аз шашпай, ар бир маалыматты анализдеп, жогору жактан расмий эмне маалыматтар болот ошону сабырдуулук менен күткөн туура го", деген пикирин Мунарбек Жоргомов жазып чыкты.

"Менин оюмча азыр мамлекеттин туруктуулугуна доо кетире турган конкреттүү күчтөр, пиар технолог жана башкалар катуу иштеп жатат. Бул картиналарды атайын дизайнерлер эле жасабаса катардагы бирөөнүн колунан келбейт. ФБдагы посторго көңүл бурсак атайын рекламага коюлган. Ага да каражат төлөнгөн. Мындай элди бөлүп жарган посттор ондоп саналат.

Журналисттик иликтөөдө «бул иштердин активдүүлүгү 2012-2016-жылдарга тиешелүү» деп белгиленген, тактап айтканда бул А.Атамбаевдин президент болуп турган маалы. Материалда маанилүү аргумент катары Х.Абдукадырдын С. Жээнбековдун инаугурациясынан тартылып алынган сүрөтү келтирилип жатат. Мында элдин эмоциялык кабыл алуусуна таасир этүү аракети көбүрөөк. Бирок, бул эмоционалдык штрих дагы негизсиз. Анткени, өлкөнүн шайланган Президенти С. Жээнбековдун инаугурациясын уюштуруу иштери, анын ичинде чакырылгандардын тизмесин түзүү жана отургузуп, жайгаштыруу маселелерин толугу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин, тактап айтканда А.Атамбаевдин Аппараты тескеген", деп жазып чыкты журналист Мунарбек Жоргомов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости