www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 23-апрелинде Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев Монако Княздыгынын Германиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лоренцо Равано менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун негизги максаты Кыргыз Республикасы менен Монако Княздыгынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык маселелерин, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулоо болду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Элчи Өмүрбек Текебаев кыргыз тараптын Монако менен саясий диалогду чыңдоого кызыкдар экенин белгилеп, кыргыз-герман мамилелеринин учурдагы абалы тууралуу маалымат берди.

Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган ар түрдүү багыттар боюнча кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашышты.

Өз кезегинде Элчи Лоренцо Равано эки өлкөнүн ортосундагы диалогду мындан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр аркылуу байланыштарды улантууга даяр экенин билдирди.

 

Последние новости