www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москвада мекендештери тарабынан киши колдуу болгон Т.Айгеримдин сөөгүн мекенине алып келүү маселеси Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде каралууда. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган факты боюнча Россиянын мыйзамдарына ылайык "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Кыргызстандын жараны С.Ж. кармалды. Ал эми орус ЖМКлардын маалыматы боюнча экинчи шектүү Казакстанга качып кеткен.
Мындан сырткары, каза болгон кыргызстандык аялдын өздүгү такталып — ал 1992-жылы туулган Т.А. болуп чыкты.
"Учурда Кыргызстандын Россиядагы элчилиги каза болгон жарандын жакындары менен байланыш түзүп, анын сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси иштелип чыгууда", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Орусиянын Тергөө комитети 33 жаштагы Айгерим аттуу Кыргызстандын жаранынын аянычтуу өлтүрүлүшүн иликтеп жатат. Туугандары кыздын зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн сөөгүн Люблин көчөсүндөгү ижарага алынган батирлердин биринен, дивандын ичинен табышкан.
Маркум кыз Москвадагы ооруканалардын биринде пол жуугуч болуп иштеп, эки мекендеши менен бирге эки бөлмөлүү батирде жашачу. Ал үстүбүздөгү жылдын 8-майынан бери байланышка чыкпай калган. Көзөмөл камералары Айгеримдин саат 21:00 чамасында өзү жашаган подъездге киргенин жана андан кийин дайынсыз жоголгонун каттап калган.