www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ эле коомчулукка “чоң муштум” катары таанылган Жаныбек Абировдун эл өкүлүнө татыксыз жоругун коомчулук унута элек. Өзүн алып жүрүү маданияты олуттуу суроолорду жараткан бул эргул, деңгээли депутат болууга шайкеш келбей турганын эчак далилдеп берген болчу. 

Өкүнүчтүүсү, “кар басты, из басылды” болуп, моралдык жоопкерчиликти уруп ойнобой, шайлоого катышып кайрадан эл өкүлү болуп келди. Албетте, акчаң болсо калтаңда, каалагандай чартаңда деген ырас тура. 
Сыягы, бул эргул мандатты атасынан калган мурастай элестетет окшойт.  Негизи элге Абировго окшогон ишенимди “чоң муштумдугу” менен талкалагандар эмес, жаңы, таза, жоопкерчиликтүү көз караштагы өкүлдөр керек эле. 

Албетте, эл өз тандоосун жасашты. Демек, эртең шайлоочулар тарабынан кандайдыр бир “ал эле, бул эле” деген нааразычылык айтылса орунсуз болот. Жыйынтыгын күтөлү, кандай жемишин берет көрөбүз.

Последние новости