www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мекеме рынокко мониторинг жүргүзүп, баанын өсүшүн талдап жана түзүлгөн макулдашуулардын аткарылышын көзөмөлдөп жатканын билдирди. Бул документтерге ылайык, мунай заттарынын баасы сатып алуу наркы, логистикалык чыгым, башка объективдүү экономикалык себептер болгондо гана өзгөрүшү мүмкүн.
“Бааны кармап туруу үчүн мамлекет күйүүчү май импорттоочуларга субсидия бөлүүдө. Мындай колдоо баанын кескин көтөрүлүп кетишин алдын алат”, — деп айтылат маалыматта.
Кызмат бул чаралар Кыргызстанда күйүүчү май коңшу өлкөлөргө, анын ичинде баа жогорулап жаткан Россияга салыштырмалуу арзан бойдон калуусуна түрткү болуп жатканын белгиледи.
Өткөн аптанын аягында АИ-100 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 150 сомго, АИ-95тики 110 сомго чейин жеткен.