www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргызстанда туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшүнө байланышкан маселелерди талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. 

Отурумда алгач, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда бардык мезгилдерге ылайыктуу заманбап тоо курортун түзүү үчүн “Чаткал Резорт” долбоорунун ишке ашырылышы каралды. Долбоорду ишке ашыруу жеке инвесторлорду жана адистештирилген өнүктүрүү компанияларын тартуу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматында ишке ашыруу пландалууда, анын мөөнөтү болжолдуу 2026-2034-жылдарга белгиленген. 

Долбоордун максаты, жаңы жумуш орундарын түзүү жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жогорулатуу жана чет элдик туристтердин агымын көбөйтүү. Ошондой эле, бул аймак мамлекеттин чек арасында жайгашкандыктан эл аралык автомобиль коридорун түзүү аркылуу Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы транспорттук байланыштарды дагы жакшыртуу.

Андан соң, Ысык-Көлдүн жээгинде эл аралык деңгээлдеги көп функционалдуу “Чоктал Резорт” туристтик-курорттук комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү каралды. Долбоор сапаттын, экологиялык туруктуулуктун жана жыл бою иштөөнүн эл аралык стандарттарына жооп берген заманбап 5 жылдыздуу курорттук комплексти түзүүгө багытталган.

Келечектеги комплекс бизнес-процесстерди автоматташтыруу жана стандартташтыруу, тейлөөнүн жогорку деңгээлин камсыз кылуу жана оперативдүү ишмердүүлүктү оптималдаштыруу боюнча заманбап технологияларды колдонуу менен башкарылат. Долбоорду ишке ашыруунун жалпы мөөнөтү 3 жыл. 

Последние новости