www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин Азербайжан Республикасына болгон иш сапары аяктады.
Анда ал Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана Вице-президенттинин Экинчи жыйынына катышып сөз сүйлөдү.
Ошондой эле МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев ТМУ мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана Вице-президенти менен биргеликте Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен жолугушту.
Мындан тышкары Түркиянын Вице-президенти Жевдет Йылмаз менен эки тараптуу жолугушуусу өттү.
Иш сапардын жүрүшүндө МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана Вице-президентти менен биргеликте Гейдар Алиев борборуна жана Азербайжан улуттук килем музейине барды.
Азербайжан Республикасына иш сапары аяктаган соң Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарына кайтып келди.