www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылдын 5-ноябрында «Gulf News» эл аралык басылмасына интервью берип, анда өлкөнүн жетишкендиктерин, өнүгүү приоритеттерин жана тышкы экономикалык келечегин кеңири чагылдырды.
МинКаб башчысы өкмөт туруктуу экономикалык өсүшкө жана жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга басым жасап жатканын белгиледи. Ал социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуу оң динамикасын белгиледи: акыркы үч жылда экономикалык өсүштүн орточо темпи 9,0%ды түздү, ал эми 2025-жылдын 9 айында ИДПнын өсүшү 10,0%га жетип, көлөмү 1 трлн 240,5 млрд сомду түздү.
Өсүштүн негизги кыймылдаткыч күчү катары курулуш, өнөр жай жана тейлөө сектору аталды, аларды ички суроо-талап, инвестициялар жана масштабдуу инфраструктуралык демилгелер колдоду.
Адылбек Касымалиев Кыргызстан инвестициялар үчүн жагымдуу шарттарды активдүү түзүп, экономикалык институттарды бекемдеп жатканын баса белгиледи. Бириккен Араб Эмираттары менен кызматташууга, атап айтканда, «Өкмөттүк акселераторлор» биргелешкен программасын ийгиликтүү ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Интервьюнун соңунда МинКаб башчысы эл аралык инвесторлорду Кыргызстанды инвестиция салуу үчүн жагымдуу багыт катары активдүү кароого чакырып, өлкөнүн ачыктыгын жана өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн түзүлүп жаткан мүмкүнчүлүктөрдү баса белгиледи.