www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар социалдык жана стратегиялык объектилерди кыдырды.
Алгач МинКаб башчысы стратегиялык мааниге ээ болгон Миң-Өрүк – Самаркандек автожолунун курулушунун жүрүшүн текшерди. Узундугу 3,2 чакырымды түзгөн жолдун долбоорунда эстакадалык көпүрөнүн курулушу дагы каралган. Жаңы жол Лейлек районуна баруучу аралыкты 3 чакырымга, ал эми Самаркандек айыл өкмөтүндөгү айылдарга чейинки аралыкты 17 чакырымга кыскартат. Учурда тоо тектерин жардыруу, жол салуу жана көпүрөнүн таянычтарын орнотуу иштери жүрүп жатат.
Андан соң Адылбек Касымалиев Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын абалы менен таанышты. Оорукананын негизги имараттары 1978 жана 1981-жылдары, ал эми жугуштуу оорулар бөлүмү 1968-жылы пайдаланууга берилген.
Акыркы 45 жылдан ашуун убакыт ичинде капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн эмес. Мындан улам МинКаб төрагасы жаңы оорукана имаратын куруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу тапшырмасын берди.
Иш сапарынын алкагында МинКаб башчысы “Мамлекеттик ипотекалык компания” тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайлардын курулушу менен дагы таанышты. Учурда Баткен шаарында турак жай куруу үчүн жер тилкесине муктаж 5345 жаран катталган. Жаңы турак жайлар пайдаланууга берилгенден кийин бул көйгөйдү бир топ жеңилдетүү күтүлүүдө.
Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев Баткен шаарындагы Чет-Булак аймагында курулуп жаткан борбордук стадиондун курулушун көрдү. Жалпы баасы 1,8 млрд сомду түзгөн долбоордо 100 орундуу төрт кабаттуу мейманкана, эки чоң жасалма газондогу футбол талаасы, бир табигый газондогу футбол талаасы жана төрт кичи футбол аянтчасы каралган.
Иш сапарынын биринчи күнүнүн соңунда МинКаб төрагасы Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Чет-Булак жерлигиндеги Жаңы Достук конушуна барды. Учурда бул жерде курулган 181 турак үй толугу менен бүткөрүлүп, электр энергиясы жана таза суу менен камсыздалган, көчөлөрү жарыктандырылган.
Адылбек Касымалиев жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди.