www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык 2025-жылдын 28-июлунан 31-июлуна чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Урматтуу жарандар!
Тоолордо, дарыя жээктеринде эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болуңуздар! Арык, сел каналдарын тазалап, суунун агып чыгышына жол ачыңыздар!
Кандайдыр бир кырдаалга кабылсаңыз токтоосуз 112 кызматына кайрылыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.