www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дарыгер-нефрологдун кармалышы тууралуу тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги иликтөө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында ыйгарым укуктуу укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүп жатканын маалымдайт.

Саламаттык сактоо министрлиги мыйзамдуулуктун сакталышын, бейтаптардын жана медицина кызматкерлеринин укуктарын коргоону, ошондой эле фактыларга жана кесиптик экспертизага гана негизделген адилет укуктук баа берүүнү туруктуу түрдө колдойт.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов маалымат алынган замат компетенттүү мамлекеттик органдар менен байланышып, иштин жагдайларын бардык медициналык жана эксперттик корутундуларды эске алуу менен объективдүү, ар тараптуу жана калыс кароо зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле эркиндигинен ажыратууга байланышпаган бөгөт коюу чарасын колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароо маанилүү экенин белгиледи.

Последние новости