www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-мартта, Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов Республикалык илимий-методикалык борбордо 26 кесиптик лицейдин директоруна сертификаттарды тапшырды.

Альберт Махметкулов квалификация жогорулатуу курсунун натыйжалуулугу тууралуу директорлордун пикирлерин угуп, билим берүү системасында жетекчилердин ролу өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөр жетекчилерден жаңыча көз караш, заманбап башкаруу ыкмалары жана жогорку кесиптик даярдыкты талап кылат. Сиздер алган билимдериңизди практикада колдонуп, кесиптик лицейлердин сапатын жаңы деңгээлге көтөрөсүздөр деп ишенем. Министрлик бул багыттагы иштерди мындан ары да колдой берет», — деди ал.

Белгилей кетсек, директорлор 10–18-март күндөрү «Заманбап билим берүү системасында жетекчилердин кесиптик компетенциялары. Билим берүүдөгү менеджмент» темасындагы 72 сааттык квалификация жогорулатуу курсунан өтүштү.

Окутуудан тышкары курстун катышуучулары №18 кесиптик лицейине барып, материалдык-техникалык базасы, лабораториялары жана окуу устаканалары менен таанышышты.

Окутууга республиканын бардык аймактарынан конкурс аркылуу кызматка дайындалган кесиптик лицейлердин жетекчилери катышты.

Сертификат тапшыруу аземине ошондой эле министрликтин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова жана Республикалык илимий-методикалык борбордун директору Акпаралы Карабаев катышты.

Последние новости