www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
11-июнда Кыргызстандын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна иш сапары менен барып, бир катар курулуш объектилерин кыдырды.
Сапардын жүрүшүндө министр Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев менен биргеликте “Манас-Ордо” улуттук комплексиндеги реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Көчмө жыйындын алкагында долбоордун аткарылышы, курулуштун учурдагы абалы жана бекитилген графиктин сакталышы талкууланды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында министр курулуш иштеринин айрым бөлүктөрү графиктен артта калып жатканын белгилеп, жооптуу тараптарга иштин темпин күчөтүү, курулуштун сапатын камсыз кылуу жана белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо боюнча тапшырмаларды берди.
Долбоорго ылайык, комплекстин аймагында административдик борбор, 300 орундуу конгресс-холл, улуттук стилдеги коттедждер, жайкы жана кышкы ашканалар, салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү борборлору курулат.
Ошондой эле коноктор үчүн соода жана эс алуу галереясы менен 3500 орундуу маданий-көпчүлүк иш-чаралар борборун салуу каралган.
Белгиленгендей, “Манас-Ордо” улуттук комплекси акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу ири масштабдагы реконструкциядан өтүүдө.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыккан.