www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин Кеңешмесинин алкагында Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Эл аралык кылмыш полиция уюму - Интерполдун башкы катчысы Валдеси Уркизанын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар укук коргоо жаатындагы эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Интерполдун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоонун келечегин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл ыкчам мааниге ээ маалыматтарды алмашуу жана кылмышкерлерди эл аралык издөө маселелерине бурулду. Заманбап чакырыктар жана коркунучтар ар түрдүү мамлекеттердин укук коргоо органдарынын күч-аракеттерин бириктирүүнү, ошондой эле коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо жаатындагы эл аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү талап кылаары белгиленди.
Улан Ниязбеков Интерпол менен өз ара кызматташуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин эл аралык ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттардын бири бойдон каларын жана чек арадан өткөн мүнөздөгү кылмыштуулукка каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү ролду ойной турганын белгиледи.
Өз кезегинде Валдеси Уркиза өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирип, эл аралык байланыштарды жана биргелешкен иштин практикалык механизмдерин чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Интерполдун Улуттук борбордук бюролору эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөштө мамлекеттердин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн координациялоону камсыз кылган негизги бириктирүүчү функцияны аткарарын баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар коомдук коопсуздукту камсыз кылууга, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү эл аралык аракеттердин натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле аймактык жана глобалдык деңгээлдеги коопсуздукту чыңдоого багытталган кызматташтыкты кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.