www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Агартуу министри Догдуркул Кендирбаева Москва шаарында өткөн Орус тили боюнча эл аралык (МОРЯ) уюмунун биринчи министрлер конференциясында Кыргызстан орус тилинин аркасында да өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон билдирди.

- Орус тили бизге кызмат кылды. Өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бул бирдиктүү билим берүү мейкиндигинде (МОРЯ) орус тилин жайылтуу жана мыкты тажрыйбаларды бөлүшүү үчүн натыйжалуу аянтча түзүлөт, - деп белгиледи ал.

Министрдин айтымында, орус тили Кыргызстан үчүн өнүгүүгө жол ачкан маанилүү факторлордун бири болгон.

Кендирбаева орус тилин үйрөнүү өлкөлөр аралык байланышты чыңдоого жардам берерин, ошондой эле Касым-Жомарт Токаев сунуштаган Орус тили боюнча эл аралык уюмду түзүү демилгесин колдой турганын билдирди. Бул уюм орус тилин өнүктүрүүгө, окуу материалдарын даярдоого, окутуунун бирдиктүү методикасын түзүүгө жана педагогикалык, илимий кадрларды даярдоого багытталган.

МОРЯ уюмун түзүү идеясы 2021-жылдын декабрында Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин ортосундагы сүйлөшүүлөрдө сунушталып, КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери тарабынан колдоого алынган. Ал эми 2023-жылдын октябрында Бишкек шаарында тиешелүү келишимге кол коюлган.

Бул уюмга КМШ өлкөлөрүнөн тышкаркы мамлекеттер да кошула алат. Уюмдун негизги максаты – орус тилинин эл аралык жана аймактык уюмдардагы расмий же иш тили катары макамын бекемдөө, сапаттуу билим берүүнү колдоо жана орус тили боюнча жогорку квалификациялуу педагогдор менен илимий кадрларды даярдоо.

Последние новости