www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Молунов менен жолукту.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да чыңдоого өз ара кызыкдар экенин ырасташты.
Ошондой эле жолугушууда Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчиндин 2026-жылдын 4–5-июнунда Кыргыз Республикасына боло турган расмий сапарына даярдык көрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Сапардын алкагында расмий жолугушууларды жана иш-чараларды, ошондой эле кыргыз-беларусь бизнес форумун өткөрүү пландаштырылууда.
Мындан тышкары соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, өнөр жай, айыл чарба, транспорт жана логистика тармагындагы кызматташууну талкуулашты.
2026-жылдын экинчи жарымында Минскте өткөрүү сунушталып жаткан Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны боюнча иштерди активдештирүү зарылчылыгы да белгиленди.
Кыргыз тарап эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү жана аны конкреттүү жыйынтыктар менен толтуруу максатында беларусь тарап менен мындан аркы тыгыз жана координацияланган иш алып барууга даяр экендигин билдирди.