www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция кызматкерлери Бишкекте ЖККУ жыйындарын өткөрүү мезгилинде күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын жүрүшүндө Ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөп, коомдук тартипти жогорку деңгээлде камсыздашууда.

ИИОнун өздүк курамы коомдук тартипти сактоо, укук бузуулардын алдын алуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү максатында тартылат.

Мындан тышкары, транспорттук басымды азайтуу максатында мектептер менен жогорку окуу жайлар убактылуу онлайн окутууга өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, коомдук тартип менен коопсуздукту камсыздоого Бишкек жана Чүй гарнизонунун 4000ден ашык кызматкери тартылат.

"Урматтуу жарандар, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар маалында коомдук коопсуздукту камсыздоого жана жол кыймылын жөнгө салууга катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын урматтап, түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 27-ноябрда Бишкекте кыргыз тараптын төрагалыгы алдында ТИМ жетекчилеринин кеңеши (СМИД), Коргоо министрлер кеңеши (СМО), Коопсуздук кеңешинин катчылар комитети (КССБ), ошондой эле ОДКБнын Коопсуздук кеңешинин сессиясы өтөт. Иш-чаралардын катышуучулары биргелешкен иштердин актуалдуу маселелерин, анын ичинде маңзат жүгүртүүгө жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү жаатындагы кызматташууну талкуулашат.

Последние новости