www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан Чоң Чүй каналынан табылган белгисиз адамдын жансыз денесинин өздүгүн тактоодо. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2023-жылдын 24-мартында болжол менен саат 11:20 чамасында Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнын нөөмөт бөлүмүнө Чоң Чүй каналынын түндүк жээгиндеги Көлбаев көчөсүндө баш мээсинен жаракат алып, күч колдонулган белгилер байкалган болжолдуу жашы 35-40 жаштагы белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 102-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иштин алкагында КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын издөө бөлүмү тарабынан аталган эркек адамдын жансыз денесинин өздүгүн аныктоо иш чаралары жүргүзүлүүдө. 

Өзгөчө белгилери: бою болжол менен 170-175 см, арык денелүү, бети тегерек, баш сөөгүнүн үстүнкү жаактагы 3 тиши, анын ичинде 2 маңдайкы тиши жана астыңкы жаагында катар 5 тиши жок. Ошондой эле, эриндин үстүнкү бөлүгүндө тубаса кемтик – «жарык эрин».

Кийген кийимдери: кочкул кызыл түстөгү трикотаж свитер, ак футболка, капталдарында жашыл сызыктары бар «Adidas» логотиби бар кочкул көк түстөгү спорттук шым, «TOMMY crown» урааны бар кара джинсы шым, кара шорта, кара боз байпак, кара жана ак түстөгү 42-өлчөмдөгү спорттук бут кийим.

"Бүгүнкү күндө адамдын жансыз денесинин өздүгү такталбай жаткандыктан, кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын төмөнкү абоненттик номурлары аркылуу кайрылса болот: 0312 26-63-170550 252-5890700 355-587",- деп айтылат билдирүүдө.

 

Последние новости