www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Фучик көчөсүндөгү авариялык абалдагы №18, 20 жана 22-үйлөрдүн тургундары менен кайрадан жолукту.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө шаар башчысы тургундар турак жай маселеси боюнча мындан аркы чечимди өз ара макулдашып алышы керектигин белгиледи.
"Сиздер алгач өз ара кеңешип, батирлерди МИК аркылуу алууну каалайсыздарбы же үйлөрдү оңдоп, талапка ылайык абалга келтирүүнү тандайсыздарбы – ошону тактап алышыңыздар керек", – деп баса белгиледи мэр.
Тургундар бардык менчик ээлери менен кеңешкенден кийин жазуу жүзүндө жооп берерин билдиришти.
"Сиздер өзүңүздөр президентке кайрылгансыздар, ошондуктан биз жардам берүү үчүн келдик. Биздин максат – сиздердин коопсуздугуңуздар. Биз сиздердин менчигиңиздерге кол салбайбыз жана чечим кабыл алууга мажбурлабайбыз", – деп белгиледи мэр.
Буга чейин менчик ээлерине МИК аркылуу жеңилдетилген төлөм менен батир алуу мүмкүнчүлүгү сунушталган. Ошондой эле мүлктү баалоо, ар бир менчик ээси менен жекече иш алып баруу жана келишимдерди түзүү пландалган.