www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте күн сайын коомдук транспорттун 10дон ашык жүргүнчүсүнө айып салынууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин, "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана "Тулпар" компаниясы менен биргеликте коомдук транспортто жол кирени төлөөнү текшерүү боюнча рейддерди улантууда.

Аталган рейдде жол акысын төлөбөгөн жана талон албаган жургүнчүлөргө Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 199-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, Транспорт департаментинин коомдук транспортту инспекциялоо бөлүмү аркылуу протоколдор түзүлүп, 1000 сом өлчөмүндө айып салынууда.

"Урматтуу жүргүнчүлөр! Коомдук транспортто накталай акча төлөгөндө, талон алууну унутпаңыз. Ар бир каттамдын өзүнчө номурдагы талону болот жана ал талондор кийинки каттамга жараксыз экенин эскертебиз",-деп айтылат маалыматта.

Последние новости