www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2026-жылдын 29-апрелинде, Бишкек шаарынын күнүн белгилөөнүн алкагында мэриянын имаратынын алдында муниципалдык түзүмдөргө жаңы кызматтык техникаларды тапшыруу боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 11 даана жаңы кызматтык автоунаанын ачкычтарын тапшырып, ошондой эле шаардык кызматтардын мобилдүүлүгүн жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында 10 заманбап электровелосипедди тапшырды.
Шаар башчысы борбор калаанын тургундарын Бишкек шаарынын күнү менен куттуктап, материалдык-техникалык базаны системалуу түрдө жаңылоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
«Башкы максат — шаардык кызматтардын сапаттуу жана ыкчам иштөөсүн камсыз кылуу. Берилген техника сиздердин ишиңиздерди жеңилдетип, шаардын өнүгүшүнө жана тартиптин бекемделишине чоң салым кошот деп ишенем. Биз мындан ары да муниципалдык кызматтарды керектүү техника менен камсыз кылуу иштерин улантабыз. Тапшырылган техниканы жоопкерчилик менен, үнөмдүү пайдаланууга чакырам», — деди мэр.
Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалар Бишкек шаарынын Ардагерлер кеңешине, мэриянын Финансы департаментине, Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаментине, Шаардык чарба департаментине, Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментине, ошондой эле «Санариптик технологиялар борбору» жана «Шаардык жол-транспорттук инфраструктура» муниципалдык ишканаларына берилди.
Муниципалдык инспекциянын ишин чыңдоого өзгөчө көңүл бурулуп, анын кызматкерлерине шаардагы тартипти көзөмөлдөөнү жана ыкчам аракеттенүүнү жакшыртуу үчүн электровелосипеддер тапшырылды.
«Биздин максат — айып пул салуу эмес, шаарда тартипти орнотуу жана көрктөндүрүүнү өнүктүрүү. Бул багыттагы ишти күчөтүү зарыл», — деп белгиледи мэр инспекция кызматкерлерине кайрылып.
Мындан тышкары, борбор калаада фонтан сезону ачылып, реконструкциядан кийин мэриянын алдындагы фонтан кайрадан ишке кирди. Ал шаар инфраструктурасынын жаңылануусунун символдорунун бири.
Жаңы техникаларды тапшыруу муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга, шаардык кызматтардын ишин ыкчамдатууга жана башкаруу инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган.