www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өнүккөн Батыш жана Чыгыш өлкөлөрүндө гезит-журнал сатуу үчүн атайын күркөлөр бар. Маалыматты маданияттуу түрдө алууга бийлик шарт түзүп берген. Бул жагын көпчүлүгүбүз билебиз.

Тилекке каршы, бизде теңирден тескери. Ар бир келген мэр күркөлөрдү алып, ордуна жеке кызыкчылыктары үчүн бизнеске ылайыктуу жайларды орнотуп, чөнтөктөрүн кампайтып келишкени жашыруун эмес.

Бул саам да Эмилбек Абдыкадыров жосунсуз жорук баштаптыр. Коммерциялык кызыкчылыктар үчүн шаарды чаң-тополоң кылып, павильон, гараждарды жылдырып, элге алдын ала түшүндүрбөстөн эле билген ишин кылууда. Эми гезит-журнал саткан күркөлөрдү алууга киришкени нааразылык жаратып, туңгуюкка баратканы таң калдырууда.

Мэр бул башаламан кадамдары менен президент Садыр Жапаровдун саясый рейтингин түшүрүүдө. Жаңы мэрдин дайындалганына аз убакыт болду, бирок көпчүлүктүн назарынан калууда. Эгерде жеке кызыкчылыктарды ишке ашыруу үчүн гезитжурналдар сатылбай калса, мунун соңу трагедияга алып барат. Же башка шарт түзүп бербейби?

Тек гана бүлдүргөнгө кыйын беле? Азыр интернетти, соцтармакты көзөмөлдөй албай, чын-жалганы аралаш маалыматтык согуш жүрүп атканда, фейктердин арааны күчөгөндө, аягы кайсы жарга барып такалат экен?

Эмилбек Абдыкадыровдун ойлонбой эле жасаган аракеттери жакшылыкча бүтпөйт. Министрлер кабинети бул боюнча маселени адилеттүү карап, гезит-журналдардын сакталып калуусуна шарт түзүшү керек.

Мындай көрүнүш дүйнөлүк практикада популярдуу болуп атат. Биз эле артка кете беребизби? Аскар Акаевдин убагында Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарына вице-мэр болуп, жерлерди, объектилерди “устукандап”, байып, кийин кылмыш иши козголуп, бирок акчанын күчү менен кутулуп кеткени жалганбы? Эми кайрадан миллиондоп тоногону келгенби?..

Булак: Азия News гезити

Последние новости