www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Октябрь айында WhatsAppта кыздын мени уурдап, белгисиз жерде күч колдонуп кармап турушат. Менин ички органдарымды трансплатациялоо үчүн даярданышууда деп жардам сураган кыздын үн жазуусу тараган.  
Кыргызстандын жана Орусиянын Ички иштер министрлиги эки тараптан каттоого алынып,  жардам сураган кызды табышты. Бул тууралуу КРнын ИИМинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, жазылган үн ушул жылдын октябрь айында WhatsApp мессенджеринде тараган. Кыз кыргыз тилинде Орусия аймагында экендигин¸аны алдоо жолу менен уурдашкандыгын, жана белгисиз жерде кармалып тургандыгын ,“органдарын трансплатациялоо үчүн” даярданып жатышкандыгын айткан.

Бул факт боюнча эки өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан каттого алынган. Кыргызстанда кылмыш жана жаза кодексинин “Адам сатуу”  беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. 
Укук коргоо органдары кыздын Москвада жашаган ата-энесин табышып, ал Ош облусунун 16 жаштагы тургуну экени маалым болгон. Кызынын  билдирүүсүнөн корккон ата-энеси полицияга кайрылышкан. Бирок, жыйынтыгында кыз аларды алдап койгону билинген. 

“Кыз үйдөн өз эрки менен кеткендигин айтып, ата-энеси анын кайсы жерде жашагандыгын жашыруу үчүн калп айткадыгын моюндаган. Ага эч нерсе болгон эмес. Өзүнүн иш-аракетин кыз өз алдынча жашагысы келгендиги менен түшүндүргөн. Ата-энеси аны издебеш керектиги үчүн ушундай кадамга барганын айткан. Ата-энесинин айтымында, кыз инисин карап, үйдөн чыкчу деле эмес.Кыз жана анын ата-энеси менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү”,-деп айтылат маалыматта. 

КРнын жана Орусиянын ИИМинин билдиргенине караганда акыркы учурларда  социалдык тармактарда жана мессенджерлерде фейк маалыматтар көбөйгөндүгүн билдиришти. Милиция жарандарды алгач орган кызматкерлерине кайрылууну сурады. Ошондой эле, КР ИИМинин өкүлдөрү такталбаган маалыматтарды жана жалган  билдирүүлөрдү тарткандарга жоопкерчилик каралгандыгын эскертишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости