www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү мекемесинин имаратына жардыргыч заттар коюлгандыгы тууралуу “WhatsApp” аркылуу билдирүү тараткан Бишкектеги мектептин окуучулары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ички иштер министрлиги менен биргеликте “WhatsApp” аркылуу 5 жана 7-класстын окуучулары үчүн түзүлгөн топтук чаттарда окуу жайынын имаратына коюлган жардыргыч түзүлүштөр тууралуу үн билдирүүлөрүн таратышкан Бишкектеги мектептин окуучуларын аныкташты. 

ИИМдин кинологиялык кызматынын катышуусунда имаратты жана аймакты текшерүү учурунда жардыргыч, ок атуучу жана башка жарылуучу заттар табылган жок.

Маалыматтарды каттоо журналына катталган материалдар боюнча тергөө-оперативдик иш-чаралар жүрүп жатат.

УКМК ата-энелерди жана мугалимдерди балдар менен дайыма түшүндүрүү ишин жүргүзүүгө жана алардын жүрүм-турумун жетиштүү деңгээлде көзөмөлдөөгө, анын ичинде онлайн активдүүлүгүнө, тармактагы байланыштарына жана кызыкчылыктарына өзгөчө көңүл бурууга чакырат.

 

Последние новости