www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чет элдик ЖМКлардын маалыматына ылайык, “Халиско - Жаңы муун картели” аттуу кылмыштуу топтун лидери Немесио Рубен Осегера Сервантес («Эль Менчо») Халиско штатындагы федералдык рейд учурунда жок кылынган.
Ал АКШга кокаин, метамфетамин жана фентанил ташуу менен алектенип, мындан тышкары күйүүчү май уурдоо жана мунай аткезчилигинен киреше таап келген эң ири наркобарон катары белгилүү болчу.
Операциядан кийин кылмыштуу топтор Халиско, Мичоакан жана Гуанахуато штаттарында унааларды өрттөп, жолдорду жаап салышкан. АКШ өз жарандарын кооптуу аймактардан чыгып кетүүгө же коопсуз жайда калууга чакырды.