www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет өлкөдөн келген 347 киши дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, күмөн санаткан өлкөлөрдөн келгендердин баары толук текшерүүдөн өтүшү шарт. Аларды дарыгерлер оору жуктурган жок деп тапкан күндө дагы кийин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун көзөмөлүндө турушу керек. Бул сунушту Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму киргизген.

Ошондон улам азыр стационардык көзөмөлдө 52, жашаган жери боюнча медиктердин кароосунда 295 киши турат. Баарынын абалы туруктуу.

Акыркы маалымат боюнча, Кыргызстандын аймагында коронавирус жуктурган адам жок. Тиешелүү ооруканалар илдеттин белгиси пайда болгондорду кабыл алууга толугу менен даяр, алар үчүн 280 орун камдалган. Медициналык персонал окуудан өткөн.

Белгилей кетсек, эпидемиологиялык кырдаал түзүлгөн өлкөлөрдөн келгендер текшерүүдөн өтүүдө. Кытайдан КРВИ жана грипп белгилери менен келгендер ооруканада өзүнчө бөлүмдө дарыланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости