www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.
«Көп жылдык кызматташтыгыбыздын алкагында биз Бириккен Улуттар Уюму тарабынан Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун ийгиликтерине чоң кызыгуу менен көз салып келебиз. БУУнун өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө, мамлекеттин укуктук негиздерин чыңдоого жана демократиялык институттарды илгерилетүүгө кошуп жаткан салымын жогору баалайбыз. Өнүктүрүү жаатындагы дээрлик бардык агенттиктер тигил же бул деңгээлде адам укуктарына, аларды адилеттүү коргоого жана сот адилеттигине байланыштуу иш алып барышат.
БУУнун мандаты сот бийлиги тармагындагы ар кандай багыттарды камтууга мүмкүндүк берет. Кыргыз Республикасынын сот тутуму сот системасын чыңдоого жана мыйзам үстөмдүгү принциптерин илгерилетүүгө колдоо көрсөтүп келе жаткан БУУнун өнүктүрүү программалары менен өз ара кызматташтыкты жогору баалайт.
"БУУнун баалуулуктар системасы укуктук мамлекет жана адилеттүү коом түшүнүгү менен тыгыз байланышта. Биздин өлкөнүн Конституциясында мамлекеттик бийлик мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик бутактарына бөлүнүү принцибине негизделет деп көрсөтүлгөн», - деди Төрага.
Ошондой эле Медербек Сатыев туруктуу өнүгүүгө жетишүү боюнча мамлекеттик саясатты практикалык жактан ишке ашыруу күн тартибинде турган маанилүү маселе экенин, аны жүзөгө ашыруу БУУнун системасы менен кызматташууну, анын ичинде жүргүзүлүп жаткан реформаларга эксперттик, билим берүү жана техникалык колдоо көрсөтүүнү андан ары тереңдетүүнү талап кыларын баса белгиледи.
«Калктын социалдык жактан аярлуу катмары үчүн сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, ошондой эле соттук тажрыйбаны адам укуктарын коргоонун эл аралык стандарттарына шайкеш келтирүүгө өзгөчө көңүл бурулат», — деп белгиледи Жогорку соттун Төрагасы.
Өз кезегинде Антье Граве көп жылдык кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү ниетин ырастады.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов да катышты. БУУ системасы тарабынан жолугушууга: Борбор Азия боюнча Регионалдык өкүлдүн милдетин аткаруучу/Борбор Азия боюнча Регионалдык өкүлдүн орун басары Эннио Боати, БУУӨП Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Патрик Хаверман, БУУнун Качкындар иши боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Уулкан Айдарова, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын долбоорлор боюнча эл аралык координатору Джордж Абаджян, ошондой эле БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсесинин тынчтык жана өнүгүү маселелери боюнча кызматкери Гүлжигит Эрматов катышты.