www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Эмгек, социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген мыйзам долбоору менен Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитеттин төрайымынын орун басары Гүлнара Баатырова тааныштырды.

Мыйзам долбоору «Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамды жана ага байланыштуу башка мыйзам актыларын актуалдуулугун жоготкондугуна байланыштуу күчүн жоготту деп таануу менен Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү максатында иштелип чыккан.

Жыйында ошондой эле «Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору дагы үчүнчү окууда кабыл алынды.

Аталган мыйзам долбоору «Ички жер которуу жөнүндө» мыйзамдын айрым ченемдериндеги дал келбестиктерин жоюу жана тактоо максатында иштелип чыккан. Тагыраагы, өзгөртүүлөр менен аталган мыйзамдын 14-беренесинин 3 жана 7-пункттары күчүн жоготту деп таануу сунушталат. Ага ылайык, аскер бөлүктөрү жана аскер мекемелери тарабынан берилген маалымкат жана кайрылмандын күбөлүгү жарандын толук кандуу инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ болуп саналбайт.

Последние новости