www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын Таш-Дөбө айылындагы "Зийабидин ажы" мечитиндеги курулушка топтолгон 67 500 (алтымыш жети миң беш жүз) сом акчаны темир кутудан белгисиз атуулдар уурдап кеткен. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

 Бул факты Кадамжай РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кадамжай РИИБдин Исхак-Полотхан айыл аймагынын кызматкерлери тарабынан бул кылмыштын изи сууй электе мурда сот жообуна тартылган Лейлек районунун 31 жаштагы тургуну К.Б. Кадамжай районунун аймагынан кармалып, уурдаган акчаларын “Зийабидин ажы” мечитине өткөрүп берди.

 Учурда уурулукка шектелип кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости