www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Ленин райондук сотунда бүгүн 13-июнда жарандык активист Мавлян Аскарбековдун бөгөт чарасын аныктоо боюнча сот отуруму өтүп, ал эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу анын адвокаты билдиргенин "Азаттык" жазды.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) негизинде айып тагылууда.
Активист кармалганы 12-июндун кечинде белгилүү болгон. Ошол күнү ал Фейсбуктагы баракчасына өзүнө карата провокациялык мүнөздөгү маалыматтар таратылып жатканын, үйүнө УКМК кызматкери барганын жазган.
Аскарбековду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери кармаганын журналист Адилет Айтикеев билдирген.
Атайын кызмат бул билдирүүлөр тууралуу азырынча маалымат же комментарий бере элек.
47 жаштагы Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү окуяларды активдүү комментарийлеген саясатчылардын бири. Ал бийликтин айрым иштерин сынга алган пикирлери менен бөлүшүп келген.