www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка буга чейин Иракты, Сирияны, Украина ж.б бир топ мамлекеттерди талкалаган. Алардын ички саясатына аралашып, өздөрүнүн агенттери аркылуу элдик толкундоолорду жаратып, жыйынтыгында жарандык согушка чейин жеткирген. Алгач жөн гана социалдык маселе менен башталган нааразычылыктардын жыйынтыгы кан төгүү, ый-азап менен аяктады. Гүлдөп өнүккөн өлкө күлгө айланып, жок болуп кетти. Дүйнөгө бүлүк салып, элдин канын төккөн Америка эми Орто Азияга кайгы алып келүүгө киришти. Кошуналардан айырмаланып демократиялык эркиндиктер кенен берилген Кыргызстан аларга оӊой олжо катары көрүнүп жатат.

Алар алгач өздөрүнүн жергиликтүү агенттери (НПО) жана массалык маалымат каражаттары аркылуу элдин аӊ сезимине таасир этип башташат. Айрым активдүү талкууланып жаткан маселелерди саясатташтырып, анын арты менен элдик толкундоолорду жаратууга себеп издешет. Узак мөөнөттүү долбоорлору аркылуу аягында максаттарына жетип, тынч жашап жаткан мамлекеттин күлүн көккө сапырып салышат.

Учурда мындай аракет активдүү мезгилине жетти. Жаз айында Америка каржылаган “Азаттык” радиосу иликтөө жасап, “Кыргызстандан 700 миллион доллар чыгарылып кетиптир, ага Райым Матраимовдун тийешеси бар экен”-деген маалымат тараткан. Алгач иликтөөдөгү документтерди көрүп, эл Матаримовдордун үй-бүлөсүн жемелеп, жакасын кармап таӊ калышкан. Аз өтпөй эле “Азаттыктын” иликтөөсү жалган экенин, далил катары көрсөткөн документтер жасалма болгонун таап чыгышты.
Иликтөө учурунда “Матраимов 700 миллион доллар чыгарып кеткен”-деп айтса, кийин иликтөөчү журналист “мен шек санап жатам”-деп өзүнүн жалган маалымат таратканын мойнуна алган.
Мындай иликтөө максаттуу башталган саясий технология болчу, муну эч ким этибарга дагы алган эмес.

Жөн гана “Райым Матраимводун душмандары тарабынан даярдалган кара пиар” деп кабыл алышкан. Жакында мындай иликтөөнүн экинчи бөлүгү жарык көрдү. Биринчи иликтөөдөгүдөй эле жалган жана анонимдүү адамдардын сөзүнө таянган бир жактуу каралоо болгон. Башкы күбө катары колдонушкан Айеркен Саймаити иликтөө чыгаар алдында киши колдуу болуп өлтүрүлгөн эле.

Иликтөө жарыялангандан кийин, Кыргызстандагы Америкалык саясатты жүргүзгөн бей өкмөт уюмдар биргеликте ыкчам аракеттерге өтүштү. Алар, бул иликтөөнү негиз кылып элди көчөгө чыгууга үгүттөп башташты. Америка тарабынан каржыланган “Азаттык” жана Бейөкмөт уюмдар биргеликте аракеттерге өтүштү.

Окуялардын мындай өнүгүшү - Райым Матраимов тышкы жана ички саясий күчтөрдүн элди көчөгө алып чыгуу шылтоосу экени ачык болду. "Азаттык" иликтөө кылды, артынан эле Америкалык кызыкчылыктарды жайылтып жүргөн Бейөкмөт уюмдар элди көчөгө чыгууга үгүттөп башташы башка кандай ой жаратышы мүмкүн? Америка мындай узак мөөнөттүү долбоору менен Кыргызстандын ички тынчтыгын бузууну көздөп жатат. Ушул үчүн "Райым Матраимов" деген саясий технология ойлоп табышып, ал аркылуу тополоң кылуу пландары ишке ашырууну максат кылып, анын үстүнөн иштеп жатышат.
Алып караганда “Азаттык” коррупциялык схемалар менен күрөшүп жаткандай көрүнгөнү менен, чындык такыр башка. Америкага – Кыргызстандын ички саясаты, элдин тагдыры, коррупциянын азайышы кызык деле эмес. Болгону тополоӊ чыгаруу үчүн гана колдонгон механизмдин бир түрү. Бул иликтөөнүн түпкү максатын түшүнбөгөн карапайым эл, Американын кыргын салуу аракетинин куралы болуп жатат.
Эгерде эл эртерек көзүн ачып, сергек ой жүгүртпөсө, анда Кыргызстан Американын кезектеги курмандыгына айланып калчу Орто Азиядагы мелжеген биринчи олжосу.

Последние новости