www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Матраимов айыптоолорго жооп берди

Бажыдагы коррупциялык схемалар боюнча журналисттик иликтөөгө Матраимовдордун улуусу, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жооп берди.

Ал "Азаттык" жана Kloop'тун  иликтөөсүндөгү материалдар далилсиз экендигин айтат. Анда ал: "Иниме багытталып жаткан айыптоолор боюнча жооп берейин. "Азаттык" алгачкы иликтөөсүндө жасалма документтерди негиз кылып чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратканы далилденген. Андагы негиз болуп көрсөтүлгөн документтер жасалма болуп чыккан. Мындагы иликтөөсүндө дагы ошондой эле каралоо болуп жатат. "Булактарыбыз айтты, атын айткандан коркту" деген мисалдарды келтирилгендиги далил болуп бере алабы?", — деди Матраимов.

Андан сырткары, ал иликтөөгө Айэркен Саймаитинин сөзүнө ишенүү орунсуз экендигин белгилейт. "Азаттыктын" негизги булагы Саймаити — алдамчылык жана мыйзамсыз иштер менен алектенген. Ошондуктан ал издөөгө алынып отурбайбы. Саймаитинин сөзүн бекемдеди деген маалыматтары көмүскөдөгү кишилер. Ошол анонимдүү, көмүскөдөгү маалыматты ишенимдүү булак деп жарыялоо туура эмес. Алар жөн гана кылмышка шектүү адамдын сөздөрүнө таянып алышкан. Оор кылмышка шектелген адамдын маалыматтары менен бизди каралоо максаттуу жана багыттуу жүрүп жатат", — деп белгилеген Матраимов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости