www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин №23 шайлоо округунан шайланып келген Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин VIII чакырылышына төрага болду. 

Күн тартибиндеги маселелерди карап бүткөн депутаттар төраганы шайлоо үчүн жашыруун добуш беришти.

Жыйынтыгында, 77 депутат "макул" ал эми 5 депутат "каршы" добушун берди.

Токтом долбоору добушка коюлуп, 81 депутат колдоду.

Марлен мырза 44 жашта. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетин аяктаган. Мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин уулу.

Эмгек жолун Социалдык фонддон баштап, кийин Экономика, Финансы министрликтеринде иштеген. 2009-2010-жылдары ал кездеги биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болгон. Кийин өкмөттө иштеп, жеке ишкерлик менен алектенген. 

2018-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына “Республика - Ата Журт” партиясынан депутат болгон. 2021-жылы шайлоого “Ынтымак” партиясын баштап барып, мандатка ээ болгон. 

Саясатта бышты. Өтө ийкемдүү, билимдүү жигит. Желдин кайдан согуп жатканын алдын-ала жаземдебей туйган жөндөмгө ээ.

Албетте, Жогорку Кеңештин төрагасы болуу ар кимге эле буйруй бербейт. Кел-кели келип, жаштыгына карабай мамлекеттик жогорку даражадагы үлкөн кызматты аркалаган экинин бири болду. Эми бир келген ооматты текке кетирбестен, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына иштейт деп ишенели. Ийгилик каалайбыз. 

Эске сала кетсек, бүгүн Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп, өз каалоосу менен төрагалыктан кеткен.

Последние новости