www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Марлен Маматалиев Мажарстандын элчиси менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Мажарстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дорогини дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн аякташына байланыштуу кабыл алды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Төрага Марлен Маматалиев элчинин кыргыз-мажар мамилелерин чыңдоого кошкон салымын жогору баалап, анын ишмердүүлүгүнүн аркасында кызматташтык стратегиялык деңгээлге чыкканын белгиледи.

Ошондой эле тараптар парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү, мыйзам чыгаруу жана санариптештирүү багытында тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, маданий-гуманитардык кызматташтык жана быйыл Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу пикир алышуу болду.

Өз кезегинде Шандор Дороги көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор мындан ары да улантыларын белгиледи.



 

Последние новости