www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин төрага Марлен Маматалиев Корея Республикасынын элчиси Ким Квангджени кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда кыргыз-корей кызматташтыгына тиешелүү негизги маселелер талкууланып, тараптар парламенттер аралык алакаларды арттыруу жаатында да пикир алмашты.
Төрага Марлен Маматалиев Корея Республикасы Кыргызстандын Азия-Тынч океан чөлкөмүндөгү негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп: «Соңку жылдары эки мамлекеттин байланышы жигердүү өнүгүп, бардык багыттар боюнча кызматташтык ийгиликтүү уланууда. Андыктан калыптанган алакаларды парламенттер аралык диалогдун алкагында тереңдетүүбүз кажет. Жогорку Кеңеш Кореянын парламенти менен мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашып, тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун деңгээлинде да биргелешип иш алып барууга даяр», – деди.
Ошондой эле эл аралык аянтчаларда да эки өлкөнүн парламенттери тыгыз кызматташып келе жатканын эске салган Марлен Маматалиев буга Борбор Азия+Корея Республикасы форматындагы жолугушууну мисал кылды.
Ал эми Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи Ким Квангдже Корея Республикасынын парламентинин жетекчиси жолдогон куттуктоо баракчасын тапшырып, Төрага Марлен Маматалиевге ийгиликтерди каалады.
Андан сырткары, элчи катары эки элдин байланышын чыңдоого болгон күч-аракетин жумшап жатканын айтып, парламенттер аралык алакаларды чыңдоо артыкчылыктуу багыты экенин баса белгиледи.
Муну менен катар тараптар Жогорку Кеңештин ишин санариптештирүү жаатында Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен бирге ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу пикир алмашып, Төрага аталган багыттагы жумуштарды ыкчамдатуу зарылчылыгына токтолду.