www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев ЕККУнун Башкы катчысы Феридун Синирлиоглу менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстан ЕККУ менен калыптанган диалогду кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгилеп: “Азыркы геосаясий кырдаалга байланыштуу уюмга мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгын чыңдоо учур талабы. Андыктан, кыргыз тарап ЕККУ менен тыгыз иш алып барып, айрыкча Парламенттик ассамблея (ЕККУ ПА) алкагындагы байланыштарды бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурабыз”, – деди.

Ошондой эле өткөн жылы Кыргызстанда өткөрүлгөн парламенттик шайлоо тууралуу сөз кылган Төрага аталган өнөктүктө айымдарга артыкчылык берилип, атайын квоталар каралганын мисал кылды.

“Натыйжада айым депутаттарыбыздын саны артып, Парламенттер аралык бирликтин жаңы баяндамасында Кыргызстан бул жаатта лидер экендиги белгиленди. Алсак, учурда Жогорку Кеңеште 31 айым кесиптешибиз бар”, – деген Марлен Маматалиев бул гендердик тең салмактуулукту бекемдөөгө жана демократиялык институттарды өнүктүрүүгө карай жасалган маанилүү кадам экенин кошумчалады.

Мындан тышкары, мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоо өнөктүгүнө 788 эл аралык байкоочу катышып, анын ичинен ЕККУ ПАнын да өкүлдөрү мониторинг кылганын эске салды.

Муну менен катар өлкө башчысы Садыр Жапаровдун саясий эркинин аркасында чөлкөмдөгү өлкөлөр менен да өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айткан Марлен Маматалиев: “Биз коңшу мамлекеттер менен эле эмес, ЕККУга мүчө бардык өлкөлөр менен да бардык багыттагы алакаларды арттырууга кызыкдарбыз. Өзгөчө ЕККУнун институттары менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып, демократиялык институттарды илгерилетүү, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу жаатында тыгыз иш алып барууга даярбыз”, – деди.

Өз кезегинде ЕККУ Башкы катчысы Феридун Синирлиоглу Бишкек шаарына алгачкы жолу 1992-жылы келгенин эскерип, ал эми бүгүн Кыргызстан абдан өзгөрүп, өнүккөнүн байкаганын баса белгиледи.

“57 өлкө мүчөлүк кылган ЕККУ Кыргызстан менен 34 жылдан бери жигердүү кызматташып келет. Анын ичинен коопсуздук, адам укуктарын коргоо, экономика жана экология багыттарында биргелешип иш алып барып, парламенттер аралык алакаларды өнүктүрүүгө да артыкчылыктар каралган”, – деди Башкы катчы.

Ошону менен катар Феридун Синирлиоглу гендердик теңчиликти камсыздоо жана айым депутаттардын санын көбөйтүү жаатындагы Кыргызстандын аракетине жогору баасын берди.

 

Последние новости