www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев округдарда иш алып баруу жумалыгынын алкагында Бишкек шаарынын Биринчи май районунун тургундары менен жолугушту. Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Умбеталы Кыдыралиев, Эльвира Сурабалдиева, вице-мэр жана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери да катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда жергиликтүү элди түйшөлткөн социалдык жана инфраструктуралык маселелер кеңири талкууланып, тургундар өз сунуш-пикирлерин ачык билдиришти. Өзгөчө жол, таза суу, коомдук транспорт, мектеп жана бала бакча маселелери көтөрүлүп, алардын чечилиши боюнча конкреттүү сунуштар айтылды.
Төрага Марлен Маматалиев аталган округдан шайланган депутат катары аймактагы көйгөйлөр ага белгилүү экенин айтып: “Жергиликтүү тургундардын күнүмдүк жашоосуна түз таасир эткен маселелерди жакшы билем. Биз өз ыйгарым укуктарыбыздын алкагында аларды чечүү багытында иш алып барып, шаар бийлиги менен биргеликте тийиштүү чараларды көрүп жатабыз”, – деди.
Ошондой эле төрага президент борбор калаадагы конуштарда жашаган жарандардын жашоо шартын жакшыртуу маселесине өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, бул багытта так тапшырмалар берилгенин кошумчалады. “Шаардын бюджети жыл сайын бекемделип, анын эсебинен социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда. Бул – шаар тургундарынын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү кадам. Жогорку Кеңеш да бул иштерди колдоого даяр”, – деп баса белгиледи ал.
Жолугушуу эркин суроо-жооп форматында өтүп, тургундар өз аймагындагы көйгөйлөрдү түз айтып берүүгө мүмкүнчүлүк алды. Көбүнчө калкты түйшөлткөн инфраструктуралык маселелер көтөрүлүп, алардын ар бири көңүл сыртында калбай, талкуунун өзөгүн түздү. Жолугушуунун жүрүшүндө тиешелүү жетекчилер суроолорго так жана негиздүү жооп берип, маселелерди жеринде чечүүгө багытталган протоколдук тапшырмалар ыкчам түрдө коюлду.
Төрага коштоп барган шаар жетекчилигин айтылган маселелерди көңүл сыртында калтырбай, чечүүгө чакырып, өзү да тиешелүү ыйгарым укуктарынын алкагында көзөмөл кыларын билдирди.