www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир топ жылдан бери саясаттан оолактап, карааны көпчүлүктүн көзүнө урунбай далдоодо жүргөн Марат Султанов саясий айдыңда кайрадан жарк этти. Түз эле түндүктөн түшкөндөй болуп Кыргызстанда жаңы түптөлгөн “Берекет Банктын” негиздөөчүлөрүнүн бири катары чыга келди. 

Дээрлик 15 жылга жакын мамлекеттик кызматка барбай, саясий чөйрөгө аралашпай “суудан тайыз, чөптөн жапыз” позицияны карманып, баскан шыбышы билинбей жүргөн адамдын, дароо “акча жыттанган жерден” төбөсү сорок эте түшкөнүн көпчүлүк түшүнбөй калышты. 

Дегенибиз, бир кездери Улуттук банктын төрагасы, Финансы министри, Жогорку Кеңештин төрагасы болуп, жалаң үлкөн кызматтарды аркалаган Султановдун жиги билинбей “чээнге” кирип кеткени коомчулукка табышмак болчу. Анан эле дүйнөгө белгилүү миллиардер “Binance” компаниясынын кожоюну Чанпен Чжао менен президенттин уулу Нурдөөлөт Нургожоевдун колтугунан чыга калса, таң калбаштан башка аргаң калбайт тура.

Последние новости