www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында өткөн “Жаратман Манасчы” аттуу сынактын айланасында чоң резонанс жаралды. Иш-чарага катышкан бир катар манасчылар калыстык жана уюштурулушу боюнча дооматтарды айтышып, социалдык тармактарда кызуу талкуулар күчөдү.
Маалыматтарда кытайдан келген манасчы Асанаалы Калил сынактын жыйынтыгынан кийин өткөн жыйында калыстык бузулганын билдирип, берилген байгелердин бөлүштүрүлүшүн сынга алган. Соцтармактагы айрым билдирүүлөргө ылайык, жыйын учурунда айтылган пикирлерден кийин манасчы Рысбай Исаков жана бир канча адам катышкан жаңжал чыккандыгы айтылат. Калилдин айтуусунда, ал Манас театрынын кабинетинде токмоктолгон.
Ал эми талкууга катышкан башка манасчылар да сынактын уюштурулушуна жана калыстар тобунун курамына байланыштуу нааразылыктарын билдиришкен. Алардын айтымында, айрым калыстардын Манас таануу жаатындагы компетенттүүлүгү боюнча суроолор жаралган.
Социалдык тармактардагы билдирүүлөрдө бул окуяга байланыштуу маданият тармагындагы жетекчилерге, аткаминерлерге жана тиешелүү мамлекеттик органдарга чара көрүү тууралуу талаптар да айтылды. Ошондой эле Манас театры менен Манас академиясына реформа жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө пикирлер жарыяланды.
Учурда аталган жагдайды жеринде тактап, объективдүү баа берүү максатында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги атайын комиссия түзгөндүгүн билдирди.
Иликтөө толук бүткөн соң, министрлик коомчулукту жыйынтыктары боюнча кабардар кыла тургандыгын кошумчалаган.