www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Манас шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте рейддик салык контролунун жүрүшүндө шаардын борбордук базарынан акциздик маркасы жок тамеки продукциясын аныкташты.
Тактап айтканда, иш-чаранын жүрүшүндө акциздик маркасы жок жалпы суммасы 1 млн 163,4 миң сомду түзгөн 9 миң 695 даана тамеки буюмдары, ошондой эле 24 таңгак мыйзамсыз электрондук тамеки жана 33 даана тыюу салынган түтүнсүз тамеки продукциясына окшош заттар (снюс) табылган.
Аныкталган товарлар мыйзамда белгиленген тартипте тартып алынып, тиешелүү материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Эске салсак, салык контролун жүргүзүүдө кызмат адамдарынын мыйзам талаптарына тоскоолдук кылуусу мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик чараларына алып келет.
Ошондой эле маркасы жок акциздик продукцияларды сатуу үчүн жоопкерчилик чаралары каралган: 200 даанага чейин сатууда — 100 миң сом өлчөмүндө айып пул, ал эми 200дөн ашык санда сатууда — 7 жылга чейин эркинен ажыратылат.