www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манас шаарында массалык мушташтан кийин 22 бала камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Манас шаардык милициясына 19-ноябрга караган түнү саат 01:00дөр чамасында Спутник кичи районунда 15-20дай топ балдардын бири-бирине таш атышып урушуп жаткандыгы боюнча билдирүү келип түшкөн.

Бул окуя Манас шаарынын милициясы тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерде тергөө-ыкчам тобу тиешелүү матерталдарды чогултуп, видеоматериалдар алынган.

Алардын негизинде Манас ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан окуя кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин жана УКМК кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында массалык мушташка катышкан 23 баланын өздүгү такталган. Алардын ичинен 22 жаран кармалып, Манас шаардык соту тарабынан 1 айга камакка алынган. Ал эми 1 бала ооруканада дарыланууда. Анын жоопкерчилиги ооруканадан чыккандан кийин каралат.

Иш учурда Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүндө экени жана мыйзам чегинде тергөө амалдары жүргүзүлөрү белгиленди.

Последние новости