www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Манас шаарындагы аялдар арасында диний экстремизмдин жана радикалдык идеологиялардын жайылышын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, иш-чара 12-августта Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик, Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү (Казыят) менен биргеликте уюштурулду.
Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясында өткөн семинардын алкагында динчил аялдарга салттуу исламды туура түшүндүрүү, аялдардын укуктары жана коомдогу орду тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле аялдардын билим алуу, эмгектенүү жана коомдук турмушка активдүү катышуу укугу белгиленди. Аялдардын балдарды тарбиялоодогу, үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана улуу муунга болгон сый-урматты калыптандыруудагы ролуна өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чарада диний экстремизм, эл аралык терроризм жана интернеттеги радикалдык материалдардын коркунучу тууралуу да сөз болду.
Катышуучуларга текшерилбеген диний маалыматтардан, шектүү диний топтордон жана жашыруун жыйындардан алыс болуу боюнча түшүндүрмө берилди.
Мындан тышкары, динди ачык жана мыйзам чегинде үйрөнүү, балдарды мамлекеттик аккредитациядан өткөн диний окуу жайларда гана окутуу сунушталды.
Жашы жете элек балдарды чет өлкөлөрдөгү ислам теологиялык окуу жайларына жөнөтүүдөн кармануу зарылдыгы айтылды.
УКМК бул иш-чара коомдук туруктуулукту бекемдөө, диний негиздеги чыр-чатактардын алдын алуу жана жаш муундун радикалдашуусуна жол бербөө максатында өткөрүлгөнүн белгиледи.