www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б. Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиевдин төрагалыгы менен “Кыргыз АССРине 100 жыл: тажрыйба жана келечек” аттуу илимий кереге кеңеш өткөрүлдү.
Мамлекеттик катчысы Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чаранын алкагында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхын, советтик доордогу саясий жана коомдук процесстерди, ошондой эле улуттук аң-сезим менен иденттүүлүк маселелерин илимий жактан талдоо жана бул багыттагы изилдөөлөрдү өнүктүрүү керектигин белгиледи.
Кереге кеңештин жүрүшүндө тарыхчылар, саясат таануучулар жана башка окумуштуулар архивдик материалдарды талдоого алып, концептуалдуу илимий сунуштар берилди.
Иш-чаранын соңунда Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын терең түшүнүүдө тарыхый сабактардын азыркы жана келечектеги өнүгүү багыттары менен айкалыштырып кароого илимий талкуулар өбөлгө түзөрүн белгилеп, илимий коомчулуктун бул багыттагы изилдөөлөрүн мындан ары да системалуу улантууга үндөдү.