www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев бүгүн, 5-мартта, кыргызстандыктарды Ак калпак жана улуттук кийим күнү менен куттуктады.
Мамлекеттик катчынын куттуктоосунун тексти:
“Урматтуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын урматтуу жарандары!
Бүгүн, 5-мартта, биз мамлекеттик деңгээлде биздин элибиздин өзгөчө сыймыктануучу майрамы болгон Ак калпак жана улуттук кийим күнүн салтанаттуу түрдө белгилеп жатабыз.
Ак калпак жөн гана баш кийим эмес. Ал элибиздин тарыхый эс тутуму, ата-бабаларыбыз бизге мурас катары калтырган ыйык символ, ар-намыстын, тазалыктын, асылдыктын жана улуулуктун чагылдырылышы. Кылымдарды аралаган кыргыз эли үчүн ак калпак улуттук биримдиктин, каада-салттардын жана руханий баалуулуктардын ажырагыс бөлүгүнө айланган.
Улуттук кийим – бул элдин жүзү, анын маданияты жана дүйнө таанымы. Кыргыз улуттук кийиминин ар бир оюмунда, ар бир деталында терең философиялык маани бар. Алар көчмөн цивилизациянын жогорку эстетикасын, адамдын жаратылыш менен айкалышын жана анын руханий тереңдигин туюндурат.
Глобалдашуу доорунда улуттук өзгөчөлүктү сактоо – мамлекеттик көз карандысыздыкты жана руханий эркиндикти сактоо дегенди билдирет. Заманбап өнүгүү жолунда ишенимдүү бара жатып, биз улуттук баалуулуктарыбызды, каада-салттарыбызды, эне тилибизди жана маданий мурасыбызды аяр сактап, өркүндөтүшүбүз керек.
Ата-бабаларыбыз калтырган баалуулуктарды жаш муунга өткөрүп берүү өзгөчө маанилүү. Бул ар бир үй-бүлөнүн, билим берүү мекемелеринин жана бүтүндөй коомдун ыйык милдети. Өз тарыхын билген жана маданияты менен сыймыктанган, улуттук аң-сезими бекем муун – мамлекетибиздин келечегинин бекем жана гүлдөп-өнүгүшүнүн ишенимдүү кепилдиги.
Ак калпак Ала-Тоонун бийиктигинин, улуулугунун жана элдин жан дүйнөсүнүн тазалыгынын символу болуп саналат. Аны кийген ар бир кыргыз жараны өз элинин тарыхын, маданиятын жана Мекен алдындагы жоопкерчилигин жүрөгүндө алып жүрөт.
Бул жаркыраган майрам күнү сиздерди Ак калпак жана улуттук кийим күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Өлкөбүздө ар дайым тынчтык, биримдик жана ынтымак өкүм сүрсүн!
Кыргызстандын асманы ачык, келечеги кең жана жаркын болсун!
Улуттук баалуулуктарыбыз түбөлүктүү болсун!”.