www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 1-июнунда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Татарстан Республикасынын экология жана жаратылыш ресурстары министри Азат Ильдусович Зиганшин жетектеген делегация менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Мамлекеттик катчы кыргыз жана татар элдерин тарыхый байланыштар, жалпы маданий мурас жана түрк дүйнөсүнө таандык руханий баалуулуктар жакындатып турарын белгиледи.
Жолугушууда климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар суу жана токой ресурстарын коргоо, экологиялык мониторинг жүргүзүү, жашыл технологияларды жайылтуу, ошондой эле экология жаатындагы адистердин тажрыйба алмашуусун өнүктүрүү боюнча пикир алышты.
Арслан Койчиев ошондой жакынкы күндөрү өлкөбүздө өткөрүлө турган юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумуна Татарстан Республикасынын өкүлдөрүнүн катышуусу эл аралык интеллектуалдык диалогду чыңдоого, гуманизм баалуулуктарын илгерилетүүгө жана элдер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө салым кошорун баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү багыттарындагы кызматташууну мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.