www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук аппаратында бажы кызматына жаңыдан жумушка алынган кызматкерлердин салтанаттуу ант берүү аземи болуп өттү.

Иш-чарага МБКнын төрагасы А.А. Салиев, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана бажы органдарынын жетекчилери катышты.

Бажы кызматынын жаңы кабыл алынган офицерлери кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарууга милдеттендирип, элге жана мамлекетке берилгендигине ант беришти.

МБКнын төрөгасы кызматкерлерге кайрылып, бул иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгиледи: «Бүгүн сиздер жоопкерчиликтүү жана ардактуу кызматтын мүчөсү болуп жатасыздар. Ант - бул жөн гана формалдуулук эмес, элге жана мамлекетке ак ниет жана кесипкөйлүк менен кызмат кылууга милдеттеме», - деп белгиледи ведомство башчысы.

Жалпысынан Түндүк аймагы боюнча 60 кызматкер ант берди, анын ичинде «Түндүк-Чыгыш», «Манас», «Адистештирилген окутуу»,«Түндүк»темир жол бажысынын жана Нарын бажысынын өкүлдөрү бар.

Последние новости