www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик бажы кызматы Кытайдан Кыргызстанга алып келинген металл прокатынын партиясын бажылык тариздөөдө мыйзам бузууларды аныктады.

Тергөө башкармалыгынын маалыматына караганда, «Кант» бажы-текшерүү жайынын башкы инспектору жана «Ч.К.М.» ЖЧКсынын өкүлү товарды бажылык тариздөө жана чыгаруу учурунда мыйзам бузууларга жол беришкен.

Товарды туура эмес классификациялоонун натыйжасында бажы төлөмдөрү төмөндөтүлүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталган.

Тергөө иштеринин жыйынтыгында эки адамга КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айып коюлган. Октябрь райондук сотунун чечими менен алар камакка алынып, №1 тергөө абагына киргизилген.

Мамлекеттик бажы кызматы мындай мыйзам бузууларга бөгөт коюу иштерин улантарын билдирди.

Последние новости